KitchenAid KCVWX 20600L Instruction for Use Page 4

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 32
  • Table of contents
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 3
4
Бул шайман үй чарба жана ошо сыяктуу максаттарда булар катарында колдонууга арналган:
- дүкөндөрдө, кеңселерде жана башка иш чөйрөлөрүндө кызматкерлер үчүн ашкана аймактары;
- мейманкана, мотелдер жана башка турак-жай тибиндеги чөйрөлөрдүн кардарлары жана
айылдагы үйлөр;
- түнөп, эртең мененки тамак ичүүчү типтеги мейманканалар;
Шайманыңызды эң мыкты колдонууну камсыз кылуу үчүн өнүмдүн сүрөттөлүшүн жана
пайдалуу кеңеш камтыган иштетүү нускамаларын кунт коюп окуңуз.
Бул нускамаларды кийин караганга сактап коюңуз.
1. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин анын эч кемтиги жок бекен жана эшиги жакшы
жабылат бекен деп текшериңиз. Кайсы болбосун кемтик шайман жеткирилгенден кийинки 24
сааттын ичинде дилерге баяндалышы керек.
2. Муздатуучу айлампа толук ишке жараарын кепилдөө үчүн шайманды күйгүзөрдө жок дегенде
эки саат күтүңүз.
3. Орнотуу жана электр кубатына туташтыруу ишбилги техник тарабынан өндүрүүчүнүн
нускамаларына жана күчүндөгү жергиликтүү коопсуздук эрежелерине ылайык аткарылышы
керек.
4. Шайманды колдонордон мурда ичин тазалаңыз.
Шайманды колдонордун алдында
1. Таңгактоо
Таңгактоо материалы 100% кайра иштеткенге жарайт жана кайра иштетүү символуна ээ .
Таштандыга таштоо үчүн жергиликтүү эрежелерди аткарыңыз. Таңгактоо материалдарын (пластик
баштыктарды, полистирен тетиктерин ж.у.с.) балдар жетпеген жерде кармаңыз, себеби алар
коркунучтун булагы.
2. Темирге өткөрүү/Таштандыга таштоо
Шайман кайра иштетүүгө жарактуу материалдан жасалган.
Жабдуу Таштанды Электр жана Электрондук Жабдуусу (WEEE) боюнча 2002/96/EC Европа
Директивасына ылайык белгиленген. Бул шайманды таштандыга туура таштоону камсыздоо менен
чөйрө жана кишилердин ден соолугу үчүн мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алууга жардам
бере аласыз.
Шаймандагы же коштоочу документтердеги символу бул шайман үй-тиричилик таштандысы
катары иштетилбей, электр жана электрондук жабдууну кайра иштетүү үчүн атайын чогултуу
борборуна тапшырылышы керектигин билдирет.
Бул шайманды темирге өткөрүп жатканда анын кубат кабелин кесип салып, эшиктерин жана
текчелерин чыгаруу менен балдар ичине кирип, камалып калбагандай кылыңыз.
Шайманды таштандыны таштоо боюнча жергиликтүү эрежелерге ылайык кабыл алуучу борборго
алып барып темирге өткөрүңүз; ал балдар үчүн өзгөчө коркунуч булагы болгондуктан, бир нече
күнгө да кароосуз калтырбаңыз.
Бул өнүмдү иштетүү, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча мындан аркы маалымат үчүн
жергиликтүү ишбилги кеңсеңизге, үй-тиричилик таштандыларын чогултуу кызматына же өзүңүз
шайманды сатып алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Маалымат:
Бул шаймандын курамында ХФУ жок. Сууткуч айлампасында R134a (HFC) же R600a (HC) бар
(шаймандын ичиндеги баа табагын караңыз).
Изобутаны (R600a) бар шаймандар: Изобутан - чөйрөгө терс таасири жок табигый газ, бирок бат
тутанат. Ошондуктан муздатуучу айлампа түтүктөрү зыян тартпаганын текшерип туруңуз.
Бул өнүмдө Киото Протоколунда каралган Фторлуу Күнөскана Газдары болушу мүмкүн; суутуучу
газ жылчыксыз чапталган системдин ичинде.
Суутуучу газ: R134a-нын Глобалдык Жылуу Потенциалы (GWP) - 1300.
Чөйрөнү коргоо
Page view 3
1 2 3 4 5 6 7 8 9 ... 31 32

Comments to this Manuals

No comments