KitchenAid KQXXX 45600 Instruction for Use Page 13

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 28
  • Table of contents
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 12
13
Шайманды фабрикадан текшерүү үчүн кофе колдонулгандыктан, тегирменде кофе
издери болушу - кадыресе эле иш.
Суунун катуулугун мүмкүн болушунча батыраак ылайыкташтырыңыз, мында Суунун
катуулугун баптоо деген абзацтагы нускамаларды аткарыңыз.
1. Шайманды тармак менен кубат жеткирүүгө туташтырып, негизги которгучту (A23) I
абалына коюңуз.
2. Шайман түрдүү тилдерде “бакты толтур” деп жазат. Суу багын (4-сүр.) чыгарып алып,
чайкап, MAX сызыгынан өткөрбөй таза суу толтуруңуз. Кайра коюп, киришинче ичкери
түртүңүз.
3. Тилди тандаңыз (тилдер 3 секунддай аралыкта түрүлүп өтүп турат): Дисплей
  деп көрсөткөндө (B7) топчусун (3-сүр.)
  деп чыкканча 3 секунд басып туруңуз. Туура эмес тилге коюп
алсаңыз, “Тилди койуу” бөлүмүндөгү нускамаларды аткарыңыз. Сиздин тил жок болсо,
көрсөтүлгөндөрдүн бирин тандаңыз (нускамалар англисче боюнча берилген). Андан соң
дисплейдеги нускамаларды аткарыңыз.
4. Чыныны ысык суу чоргосунун (5-сүр.) алдына коюңуз (Ысык суу чоргосу киргизилбеген
болсо, шайман    деп көрсөтөт. Чоргону 6-сүрөттө
көрсөтүлгөндөй кылып тагыңыз. Шайман    деп көрсөтөт.
(B7) басыңыз, чоргодн бир аз суу чыгат.
5. Дисплей . ,  ... деп көрсөтөт да, өчөт.
6. Берилген туткаларды пайдаланып (Сүрөт 7) шайманды бери жылдырыңыз; капкагын
ачып, кофе дандарынын идишин толтуруп, капкагын жабыңыз да, шайманды кайра
корпусуна түртүңүз.
Кофе машина эми кадыресе колдонууга даяр.
Мурда тартылган кофе, тоңдурулуп кургатылган кофе,
карамелдештирилген кофе же чоочун нерселерди эч качан
идишке салбаңыз - алар шайманга зыян келтириши
мүмкүн.
Көңүл буруңуз:
Шайманды биринчи жолу колдонуп жатканда шайман жакшы натыйжа берерден мурда
4/5 чыны кофе жана 4/5 капучино жасаш керек.
Шайманды КЙГ/ӨЧР которгучу (A23) менен күйгүзгөн сайын ал ӨЗҮНӨ ДИАГНОЗ
функциясын иштетет да, өчөт: аны кайра күйгүзгөнгө (A7) Кйг/күтүү топчусун (Сүрөт 1)
басыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ:
Шайманды биринчи жолу колдонуу
Шайман күйгүзүлгөн сайын анда автоматтык алдын ала ысытуу жана чайкоо цикли
аткарылат, аны токтотпош керек. Бул цикл аяктагандан кийин гана шайман колдонууга даяр
болот
Күйүп калуу коркунучу! Чайкап жатканда кофе
чорголорунан бир аз ысык суу чыгат.
Шайманды күйгүзүү үчүн (A7) Кйг/күтүү топчусун (Сүрөт 1) басыңыз: дисплей .
,  ...  . Ысыткандан кийин дисплейге башка
билдирүү чыгат: . Дисплей     
,    .
ЭСКЕРТҮҮ:
Күйгүзүү жана алдын ала ысытуу
Page view 12
1 2 ... 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 ... 27 28

Comments to this Manuals

No comments