KitchenAid KCBSX 60600 Instruction for Use Page 7

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 24
  • Table of contents
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 6
7
Алгы сөз
Бороондуу сууткуч - тамакты бороондуу суутуу, суусундуктарды бат тоңдуруу жана бат суутууга
арналган, кесипкөй сектордон башат алган шайман.
Бышырылгандан кийин бороондуу сууткуч менен бат суутулган өнүмдөр башындагы бийик сапатын
5/7 күнгө чейин сактайт, ал эми бат тоңдурулган тамак эритилгенде начарлабайт, консистенция жана
башындагы даам-татыгын сактап калат.
Колдонуу
КОЛДОНУУЧУ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ
МААЛЫМАТ
Маанилүү! Бороондуу сууткучтун ылдыйкы
аба соргучун бөгөбөңүз; шайман ашыкча ысып
кетип, зыянга учурашы мүмкүн.
БОРООНДУУ СУУТКУЧТУ
КОЛДОНОРДОН МУРДА
Бороондуу сууткучту болушунча жакшы
пайдаланууга айрым идеяларды ылдый жакта
бердик.
камераны алдын ала тазалоо
Шайманды кайра жүргүзөрдөн мурда ички жана
тышкы беттеринен коргоочу тасманы
сыйрыңыз. камеранын ичин жумшак чүпүрөк
жана назик детергент менен акырын тазалаңыз.
Дат баспаган болот беттерди ордуна келгис
кылып зыянга учуратышы мүмкүн болгон
спонж, кыргыч же чийгич, кычкылдуу же
агрессивдүү заттарды колдонбоо сунушталат (1-
сүр.).
Тазалаган соң, ички камеранын түбүндөгү
агызгычты тыгын менен жаап туруп жакшылап
чайкаңыз. Сууну спонжго сиңирип алыңыз.
Торду “өзөк казыгынын” колдоосу менен
орунга койуу
“Өзөк казыгынын” колдоосу бар торду казыкты
колдонуп туруп артка койгондо ал
туура абалда калгандай кылып камеранын
ортосуна коюш керек. (2-сүр.)
1-сүр.
2-сүр.
Page view 6
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 ... 23 24

Comments to this Manuals

No comments