KitchenAid KDSDM 82143 Instruction for Use Page 8

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 20
  • Table of contents
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 7
8
КЕҢЕШТЕР ЖАНА ЖАРДАМДАР
ТЕКЧЕЛЕРДИ ЖҮКТӨӨ
ЖАРДАМДАР
Кутуларды жүктөөгө чейин, идиштерден бардык тамак
калдыктарын алып салыңыз жана айнек идиштерди
бошотуңуз. Агып жаткан сууга алдын ала чайкоо зарыл эмес.
Идишти оордунда бекем тургандай жана көңтөрүлүп
кетпегендей кылып коюңуз; жана көзөнөктөрү бар идиштерди
төмөн каратып, суу ар бир бетине эркин жеткидей жана кайра
агып чыккыдай кылып томпойгон бөлүктөрүн эңкейтип коюңуз.
Эскертүү: капкактар, кармагычтар, жаймалар жана кууругуч
табалар чачкычтардын айлануусуна тоскоол болбосун.
Болгон майда нерселерди ашкана аспаптардын торуна
жайгаштырыңыз.
Өтө булганган идиштерди жана мискелерди төмөнкү текчеге
жайгаштырыңыз, анткени бул сектордо суу чачкычтар
күчтүүрөк жана жуунун жогоруурак аткарылышына мүмкүндүк
берет.
Шайманды жүктөгөндөн кийин, чачыраткычтардын эркин
айланаарын тактаңыз.
ГИГИЕНА
Идиш жуугуч машинада чогулуп кала турган жытты жана
тунманы болтурбоо үчүн, жок дегенде айына бир жолу жогору
температура программасын жүргүзүңүз. Шайманыңызды
тазалоо үчүн, чай кашык жуучу каражатты колдонуп аны
жүктөбөстөн жүргүзүңүз.
ТУУРА КЕЛБЕГЕН ИДИШ
Жыгатан жасалган идиш жана тамак жей турган аспаптар.
Кооздолгон морт стакандар, көркөм кол өнөрчүлүк жана
антиквардык идиштер. Алардын кооздолушу бышык эмес.
Жогору температурага туруштук бере албаган синтетикалык
материалдардан болгон бөлүктөр.
Жез жана калай идиштер.
Күл, мом, майлагыч же сыя менен булганган идиш.
Айнек кооздолуулардын жана алюминий/күмүш бөлүктөрүнүн
өңү, жуу процессинде өзгөрүшү же өчүшү мүмкүн. Айнектин
кээ бир түрлөрү (мисалы, хрусталь буюмдары) жуу
процессинде күңүрттөлүшү мүмкүн.
АЙНЕККЕ ЖАНА ИДИШКЕ ЗЫЯН КЕЛҮҮ
Идиш жуугуч машинанын коопсуздугу катары өндүрүүчү
тарабынан кепилденген айнекти жана фарфорду гана
колдонуңуз.
Идишке ылайыктуу жеңил жуучу каражат колдонуңуз.
Айнек идиштерди жана ашкана аспаптарын жуу айлампасы
аяктаары менен чогултуңуз.
АШКАНА АСПАПТАРЫНЫН ТЕКЧЕСИ
Үчүнчү текче ашкана аспаптарын коюуга арналган.
Ашкана аспаптарын сүрөттө көрсөтүлгөндөй
орундаштырыңыз.
Ашкана аспаптарын өзүнчө орундаштыруу, жуугандан
кийин чогултууну жеңилдетет жана жуу менен кургатуу
өндүрүмдүүлүгүн жакшыртат.
Бычактарды жана башка учтуу тамак аш аспаптарды
лезвие жагын ылдый каратып коюлушу керек.
Текчелердин геометриясы, кофе чынысы сыяктуу майда
нерселерди ортодогу аймакка жайгаштырууну мүмкүн кылат.
Ашкана аспаптарынын кутусу, төмөндөгү мейкиндиктин
бийиктигин чоңойтуу үчүн жана жогорку абалга бийик
нерселерди жүктөө үчүн жылуучу каптал суурмалар менен
жабдылган.
Page view 7
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 ... 19 20

Comments to this Manuals

No comments