KitchenAid KCVWX 20600L Instruction for Use Page 11

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 32
  • Table of contents
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 10
11
Түрдүү талаптарга ылайык температураны кантип ылайыктайт
Түрдүү бөлүмдөрдө температураны
ыңгайлаштырганга Өйдө/ылдый ачкычын
колдонуңуз Түрдүү бөлүмдөрдө температураны
ыңгайлаштырганга ошол бөлүм үчүн
Өйдө/ылдый ачкычын колдонуңуз.
Эгер “ачкычтоп кулпуда” деп жазылса, Менү
жана Өйдө/ылдый ачкычтарын чогуу 3
секунд басыңыз.
Шараптар бөлүмү
Ар бир модель фабрикадан чыгарда кылдаттык
менен текшерилген жана бийик
өндүрүмдүүлүктү жана аз сарптоону камсыз
кылгандай болуп ылайыкталган.
Шарапты көпкө сактоого ойдогудай
температура сиз көпкө сактайын деген шарап
түрүнө, сактоо ыкмасына (Сактоо жана керектөө
үчүн Шарап ору же каадалуу бөтөлкөлөрдү
сактоо жана көөнөртүү үчүн Cantina) көз
каранды.
Ал ошондой эле жеке табитке жараша да
айыраланат.
Сураныч, ушул жетекте мындан ары берилген
шарапты көпкө сактоо жетегин караңыз.
Зарылдыгына жараша температураларды
мындайча айра койсоңуз болот:
Cantina бөлүмү
+12° C (53,6° F) - муну +4° C - +18° C (39,2° F -
64,4° F) ортосунда ыңгайлаштырса болот
Шарап ору бөлүмү
+10° C (50° F) - муну +4° C - +18° C (39,2° F -
64,4° F) ортосунда ыңгайлаштырса болот
Көп температуралык бөлүм
Көп температуралык бөлүм баштапкыда
тоңдургуч модуна коюлган, бирок аны
муздаткыч же Динамикалык бөлүмү катары
иштөөгө койсо да болот.
Сактоо боюнча нускамалар атайын функциялар
жана баптоолор тууралуу абзацта берилген.
Зарылдыгына жараша температураларды
мындайча айра койсоңуз болот:
- Тоңдургуч бөлүмү: -15° C - -22° C (5° F - -7,6°
F).
Баштапкы температура: -18° (0° F), аны
калтыруу сунушталат
- Муздаткыч бөлүмү: +2° C - +8° C (35,6° F -
46,4° F).
Баштапкы температура: +5° (41° F), аны
калтыруу сунушталат.
- Динамикалык бөлүмү: -2° C - +2° C (28,4° F
- 35,6° F).
Баштапкы температура: 0° (32° F), аны
калтыруу сунушталат.
Эгер “ачкычтоп кулпуда” деп жазылса, Менү
жана Өйдө/ылдый (Ылдый)
ачкычтарын чогуу 3 секунд басыңыз.
Эшиктерди көпкө ачкандан, бөлмө
температурасындагы тамак салгандан же
чоң өлчөмдөгү тамак салгандан көрсөтүлгөн
температура коюлган температурадан бир аз
айырмаланышы мүмкүн.
Тандалган температурага жеткенге 6 - 12
саат керек.
Бириктирилген көзөмөл системи дисплейде көрсөтүлгөн жарык күйгөн сигналдар же текст
билдирүүлөрү аркылуу маалымат берет.
Маалымат сигналы дайыма туруктуу текст билдирүүсү менен көрсөтүлүп, ал эми жакшы иштебөө
сигналы күйүп-өчкөн текст менен берилет.
Айрым жакшы иштебөө сигналдарын коштогон акустикалык сигналы башкы көзөмөл панелиндеги
Айгай топчусун басканда өчөт.
Жакшы иштебөө сигналдарынын тизмеси бул жетектин артында жайгашкан.
Дисплейдеги маалымат жана жакшы иштебөө билдирүүлөрү
Page view 10
1 2 ... 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 ... 31 32

Comments to this Manuals

No comments