KitchenAid KCVWX 20600L Instruction for Use Page 26

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 32
  • Table of contents
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 25
26
Кам көрүү жана тазалоо
Б
олоттон жасалган бөлүктөрүн тазалаганга
микрофибр чүпүрөк жана шаймандын
топтомундагы спонжду колдонуңуз.
Чүпүрөк менен спонжду дайыма болоттун сатин
к
ырын көздөй сүрүңүз.
Болотту жалтыратыш үчүн кээде-кээде бир аз
ным микрофибр чүпүрөк менен сүртүп туруңуз.
Спонжду туткалар жана айнек текчелердин
профилдери сыяктуу алюминий бөлүктөргө
колдонбоңуз.
Шаймандын же ал салынган текченин желдетүү
үчүн жасалган ачык жерлерин тоскоолдуксуз
кармоого кам көрүшүңүз керек.
Берилген топтомдун ичиндеги ийне-жибине
чейин көрсөтмөлөрдү абдан так аткарып,
шаймандын сатин жасалгасын тытып,
зыянга учуратышы мүмкүн болгон тыткыч
же метал өнүмдөрдү эч качан колдонбоңуз.
Кандай болбосун тазалоо аткарардан мурда
шайманды электр кубатын жеткирүүдөн
ажыратыңыз. Муздаткыч айлампасын эч
кандай зыянга учуратпагандай болуңуз.
Ички жана чыгарылуучу бөлүктөрүн
тазалаганга идиш жуугуч детергент жана бир
чымчым ашкана содасын бир аз сууга эритип
алыңыз.
Дароо чайкап, кургатыңыз.
Эритүүнү ылдамдатканга механикалык
түзмөктөрдү же башка жолдорду колдонбоңуз.
Ар 6 ай сайын, дисплейде “Check Cond.”
билдирүүсү пайда болот; баштапкы абалына
келтирүү үчүн конденсаторду тазалап, Кирүү
баскычын 5 секунда бою кармап туруңуз.
Электр бөлүктөрүнө, жарыктарга жана
көзөмөл панелине суу тийгизбеңиз.
Муздак айнек бөлүктөрдү кайнап жаткан
сууга тийиштирбеңиз.
Муздаткычтын эч бир бөлүгүн идиш жуугуч
шайманга салып жуубаңыз, себеби анда
бөлүктөр зыян тартып же оңдолбогондой
түрүн жоготушу мүмкүн.
Маңдайкы желдетүү торунун артында
(шаймандын түбүндө) желдетүү системин
чаңдан сактаган спонж жайгашкан. Аны
тазалаш үчүн жумшак чачы тагылган чаң
соргучту максималдуу соруу абалында сайып,
тордун бетин сүрүңүз. Чаң көп чогулса,
чыпканы жакшыраак тазалаганга аба үчүн
көзөнөктөрдү чыгарса болот. Бул учурда
кабыргалуу конденсатордун абалын текшерип
туруп, зарыл болсо, аны да тазалаңыз.
Аны мындай кылыңыз:
Башкы көзөмөл панелиндеги Түзмөк
дегенди 3 секунддай басып, шайманды
өчүрүңүз.
Плинтустагы желдетүү торунун бурамаларын
бошотуп, чыгарыңыз.
Желдетүү торун тазалап, чаң соргуч менен
жакшылап чыпкалаңыз.
Конденсатор чөйрө температурасына жеткенче
болжол менен 30 мүнөт күтүңүз.
Конденсаторго зыян келтирбегендей сак болуу
менен сүрөттө көрсөтүлгөндөй чаң
калдыктарынын баарын кетириш үчүн
жакшылап тазалаңыз. Түзмөк топчусун
кайра 3 секунддай басып, шайманды кайра
күйгүзүңүз.
Конденсатордогу кабыргалар курч,
конденсаторду коопсуз тазалаш үчүн
колуңузга ылайыктуу коргоочу кийим
кийиңиз.
Ичин тазалоо
Желдетүү торун, чыпканы жана конденсаторду тазалоо
Page view 25
1 2 ... 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32

Comments to this Manuals

No comments